Садыр Жапаров саммитке катышуу үчүн Казакстанга учту. Коштоп кеткендер

Президент коңшу мамлекетте маанилүү үч иш-чарага катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда өтчү КМШ мамлекеттеринин президенттеринин кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия — Россия" форматындагы 1-саммитке катышат.
Президентти коштоп кеткендер:
Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Дастан Дүйшекеев — Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;
Эрмек Ибраимов — Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын КМШнын уставдык жана башка органдарындагы туруктуу өкүлү;
Айгүл Рыскулова — КМШнын экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кумарбек Токтакунов — башкы прокурордун орун басары;
Канат Абдрахманов — экономика жана коммерция министринин орун басары.
Илхам Алиевге Ала-Арчадан кыргыздын маданияты көрсөтүлдү. Сүрөттөр