Садыр Жапаров Илхам Алиевге өзгөчө белек берди. Сүрөт

Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын биринчи күнү Жапаровдун атынан уюштурулган расмий кече менен аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурундагы сүрөттөрү камтылган альбомду белек катары берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын биринчи күнү президент Жапаровдун атынан уюштурулган расмий кече менен аяктаган. Анда меймандарга кыргыз жана азербайжан эстрадасынын репертуарындагы чыгармалар аткарылып, концерттик программа тартууланган. Ошондой эле эки элдин улуттук бийлери бийленди.
Гейдар Алиев Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. 2003-жылы ден соолугуна жана уулунун президенттик шайлоодо талапкер болуп жаткандыгына байланыштуу өзүнүн талапкерлигин алып, ошол эле жылы көз жумган.
Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды. Сүрөттөр