БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Справедливая Россия” фракциясынын башчысынын орун басары Алексей Чепа “Ынтымак” партиясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу учурунда Кыргызстанды эмне үчүн жакшы көрөрүн айтты.
“Мен Кыргызстанга келгенди абдан жакшы көрөм, акыркы 15 жыл ичинде бир да шайлоону калтырган жокмун. Дайыма байкоочу катары келип, өлкөнүн президенттери, карапайым эл менен жолугушам. Тоо аралап эс алуу үчүн дагы келгем. Кыргыз элинин карапайымдыгы, меймандостугу абдан жагат. Бул нерсе миңдеген жылдардан бери көчмөн элдин кан-жаны менен келе жаткан нерсе”, — деди Чепа.
Бүгүн Бишкекте “Ынтымак” жана "Справедливая Россия” партиялары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Мындан тышкары, тараптар салттуу баалуулуктарды коргоо ниетин ырасташты.