БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Владимир Путин, Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмондун эртеңки үч тараптуу жолугушуусу Россия лидеринин демилгеси менен уюштурулганын КР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Жолугушуу Астанада өтөт. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоо пландалууда.
"Биргелешкен жыйын Россия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулуп, ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди", — деди Султанбаев.
Буга чейин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эртеңки жолугушууну жарыялап, Москва чек ара маселесин дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактай турганын, Бишкек менен Душанбеге алгылыктуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.