Ушаков: Путин Астанада Жапаров жана Рахмон менен жолугушуу өткөрөт

Россия Кыргызстан менен Тажистандын ортосундагы чек ара боюнча суроолордун дипломатиялык жол менен чечилишин каалайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Астанада Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери менен үч тараптуу жолугуу өткөрөт. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, Путин Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек арадагы чатакты талкуулайт. Андан сырткары, талаштуу болгон тилкелерде демаркациялык үч тараптуу иштерди баштоону сунуштай тургандыгын кошумчалады.

"Жолугушуу 13-октябрда өтөт жана өзгөчө көңүл кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга бурулат. Чек арадагы курчуп кеткен жагдайды түйшөлүү менен кабыл алып жатабыз, өтө олуттуусу 2021-жылдын апрель айында жана жакында, 14-18-сентябрда, болду. Россия Кыргызстан менен Тажистандын ортосундагы чек ара боюнча суроолордун дипломатиялык жол менен чечилишин каалайт. Бишкек менен Душанбеге колдоо көрсөтүүгө, андан сырткары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессинде жардамдашууга даяр", — деген Ушаков.

Ал Россия кыргыз жана тажик өнөктөштөрүнүн диалогуна кошулууга ар дайым даяр экенин белгиледи.
"Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалды дестабилдештирүү үчүн ниети бузук тараптар кырдаалды колдонуп кетиши мүмкүн деп эсептейт. Биз ЖККУ боюнча союздаштардын ортосунда кандайдыр бир тирешүүнүн болушун каалабайбыз”, — деди Ушаков.
Эске салсак, бүгүн, 12-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага (Казакстан) учуп кеткен. Ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышкан мамлекеттердин лидерлеринин VI саммитине, КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана “Борбор Азия — Россия” саммитине катышат. Иш-чаралар 12-октябрдан 14-октябрга чейин өтөт.
Астанадагы саммитке катышуу үчүн келген мамлекет башчылары. Видео