Ошто үч күн бою "Креативдүү технологиялар кербени" эл аралык фестивалы өтөт

Ачылыш аземи Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ош шаарында 12-15-октябрь күндөрү "Креативдүү технологиялар кербени" эл аралык фестивалы өтөрүн аталган калаанын мэриясынан билдирди.
Фестиваль педагогикалык коомчулуктун, билим берүү тармактарындагылардын, студенттердин көңүлүн окуу процессинде, практикада креативдүү технологияларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө буруу максатында уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан 300дөн ашуун адам катышары айтылды.
Ачылыш аземи Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада өтөт. Анда мугалимдер үчүн панелдик талкуулар, мастер-класстар жана башка иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, улуттук тамак-аштардын жарманкелери да болот.
Иш-чара Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош облустук улуттук драма театрынын, Алымбек датка этнографиялык комплексинин аянтчаларында өтмөкчү.
Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте уюштурууда.
Кыргызстандык педагог эл аралык фестивалда 1-орунду алды. Сүрөт