Кызылча кластердик ыкмага ылайык келген жемиш. Анткени дыйкандарды үрөн менен камсыздоодон тартып түшүмдү сатуу маселеси чечилген. Бул тууралуу Адилет Нарынбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жагдайда дыйканга кызылчаны өстүрүп түшүм алуу түйшүгү калат.
"Кызылчаны өстүрүү жана кайра иштетүү кластердик ыкмага ылайык келген тармак. Анткени кластерге үрөндөн тартып сатууга чейинки аралык камтылат. Кыргызстанда "Кайыңды-кант" жана "Кошой" кант кызылчаны кайра иштетүүчү заводдору бар. Алар дыйкандар менен келишимдин негизинде иш алып барат. Алсак, Европадан жакшы үрөн алып келип, дыйкандарга сатат. Дыйкан канча гектарга себерин айтып үрөн алат. Быйыл келишим өзгөртүлүп, эки жол сунушталууда. Жылда тоннасы 3100-3200 сомдон болсо, быйыл 5500 сомго жогорулады. Анын кайсы бир пайызын накталай, калганын шекер түрүндө алат. Ал эми дыйкан жалаң кумшекер менен алууну кааласа анын көөлөмү көбүрөөк болот. Быйыл аба ырайы бузулуп кетип, оруп-жыюу иштерине тоскоолдук жаратпаса бул боюнча көйгөй болбойт. Анткени кумшекерге суроо-талап күч болууда. Өлкөдө кумшекердин тартыштыгы жок, айрым учурда алып-сатуучулардын кесепети тийип калууда. Ал эми баа дүйнөлүк рыноктон жана заводдун чыгашасынан көз каранды болот", — деди Нарынбеков.
Ошондой эле ал башка жемиштерди дагы ушундай ыкмага өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.