УКМК: 207 млн. сомдук салыкты төлөбөй жүргөн мунай өндүргөн компания аныкталды

60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт.— Sputnik. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында мунай өндүргөн компаниянын өкүлдөрү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен компания жана салык кызматынын өкүлдөрүнө иш козголгон.
"Салык кызматы аталган компанияда пландуу текшерүү иштерин жүргүзүп, натыйжада мунай өндүргөн ишкана 207 миллион сомго жакын салыкты төлөбөй жүргөнүн аныкташкан. Кийинчерээк кытай жараны бир нече компаниянын ишин координациялап жүргөнү, бири-бирине байланышы бар ишканалар кагаз жүзүндө гана товарларды "жеткирди" кылып иштеп жатканы маалым болгон", — деп айтылат маалыматта.
Кийин алардан 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөнү кошумчаланды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
100 млн. сомдук зыян. Прокуратура экологияны тескеген жетекчилерди кармады