БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков элди косметологиялык борборлорду иретке келтирмейинче ал жакка барбай турууга чакырды.
Брифингде сүйлөгөн Касымбеков Бишкектеги 18 борбордун болгону экөө гана талапка жооп берерин айткан.
"Тогуз борбор лицензиясы жок иштейт экен, кызматкерлери медициналык билим алган эмес. Жетөөнүн лицензиясы болгону менен аттестаты да, сертификаты да, уруксаты да жок экени аныкталды. Элдин баары эле сулуу болгусу келет, бирок тармакты иретке келтирмейинче косметологиялык процедураларды жасатпай турууга чакырам. Аларсыз деле жашоого болот", — деген Касымбеков.