Матвиенко Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болушу менен куттуктады

Куттуктоодо эки өлкөнүн парламенттери ортосундагы достук мамилелери тууралуу айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Нурлан Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоодо эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген ишенимдүү алакалар тууралуу айтылган.
"Биз түрдүү эл аралык аянтчаларда, анын ичинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагында дагы жемиштүү кызматташуунун уланышын көздөйбүз", — деп айткан Матвиенко.
Ошондой эле ал Шакиев менен 27-28-октябрда Самаркандда өтө турган КМШ ПААнын күзгү сессиясында жолугушууга үмүт арткан.
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды