Мэрия автобус албаганы аз келгенсип жол кирени көтөрүүдө. ЖКдагы нааразычылык

Депутат тариф маселеси акырындап отуруп социалдык жарылууга алып келерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү демилгесин сынга алды.
Эл өкүлү буга чейин борбор калаага автобус, троллейбустарды алуу үчүн парламенттен 100 миллион долларлык кредит, гранттар ратификациядан өткөнүн белгиледи.
"Кредит алуунун максаты жол кирени көтөрбөө болчу. Тилекке каршы, бүгүн мэрия ал автобус, троллейбустарды алган жок, анысы аз келгенсип жол кирени көтөрөбүз деп жатат. Бир колубуз менен айлыктарды көбөйтүп, экинчи колубуз менен жол кирени кымбаттатабызбы? Ошол автобустар эмне болгонун карап чыгалычы. Болбосо тариф маселеси акырындап отуруп социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат да, ансыз да азык-түлүк кымбаттады", — деди Маматалиев.
Ошондой эле депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мэрияга тарифти жогорулатпоо тапшырмасын берип коюшун өтүндү.
Буга чейин мэрия жол кирени төмөнкүдөй кылып жогорулатууну сунуштаган:
троллейбус — 15 сом;
автобус (менчик же муниципалдык экенине карабастан) — 15 сом;
маршрутка саат 6:00 - 20:30 аралыгында — 21 сом;
маршрутка саат 20:30 - 6:00 аралыгында — 32 сом.
Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире кандай болот? Алдын ала эсептөөлөр