Радио

Жунушбаева: эми лифт даярдоочу адистерди Россия менен бирге окутабыз

"Кыргыз лифт ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрайымы Рахат Жунушбаева Кыргызстанга лифт чыгаруу жаатында кадр даярдоо үчүн Россия менен келишим түзүлгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда техникалык жактан билими бар, лифт чыгарууда тажрыйбалуу кадрларды табуу оор. Бул тууралуу Рахат Жунушбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, лифт продукцияларын даярдоочу адистерди окутууда Россиядан өрнөк алса болот.
"Кыргызстанда лифт чыгаруу үчүн билимдүү жана тажрыйбалуу адистер жетишсиз. Биз бул жаатта жаңыдан ишке киришип жатканда кадр табуу маселеси кыйынга турду. Өлкөбүздө бул тармак жаңы болгондуктан адистерди даярдоого эки жыл кетти. Мындан ары Россия, Казакстан жана Кыргызстан болуп лифт продукцияларын өндүрүүдө адистерди даярдоо боюнча келишим түздүк. Эми техникалык жактан билим алууга кызыккандарды жиберүү үчүн Россиянын эки лицейи менен иш баштадык. Алар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, адистерди окутууга жардам бермей болушту", — деди Жунушбаева.
Ал Кыргызстандан чыгарылган лифтилерге Россия тараптан кызыккандар көп болуп жатканын кошумчалады.