Кыргызстандык партия “Справедливая Россия” менен меморандумга кол койду

Кызматташуу тууралуу кыргыз партиясынын атынан анын лидери Марлен Маматалиев, ал эми россиялык партиянын атынан саясий уюмдун борбордук кеңешинин мүчөсү, Мамлекеттик Думадагы партиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Алексей Чепа макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкекте “Ынтымак” партиясы (Кыргызстан) менен "Справедливая Россия — Патриоты — За правду" (Россия) социалисттик партиясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
1 / 2

Бишкекте “Ынтымак” партиясы (Кыргызстан) менен "Справедливая Россия — Патриоты — За правду" (Россия) социалисттик партиясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

2 / 2

Документке кыргыз партиясынын атынан анын лидери Марлен Маматалиев, ал эми россиялык партиянын атынан саясий уюмдун борбордук кеңешинин мүчөсү, Мамлекеттик Думадагы партиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Алексей Чепа кол койду

Документке кыргыз партиясынын атынан анын лидери Марлен Маматалиев, ал эми россиялык партиянын атынан саясий уюмдун борбордук кеңешинин мүчөсү, Мамлекеттик Думадагы партиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Алексей Чепа кол койду.

Меморандумда эмне айтылган

Партиялар аралык жана парламенттер аралык мамилелер кыргыз-орус мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп санала тургандыгын жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тең укуктуулуктун, бири-биринин эгемендүүлүгүн урматтоонун негизинде достукту өнүктүрүү;
салттуу баалуулуктарды коргоо, өз жарандарынын татыктуу эмгек жана жашоо, медициналык тейлөө жана билим алуу укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
ашынган улутчулдуктун, жек көрүүчүлүктүн, араздашуунун жана зомбулуктун идеологиясынын жайылышына каршы туруу;
тарыхты бурмалоого аракеттерге каршы туруу;
партиялар аралык жана фракциялар аралык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде партиялык курулуш, парламенттик ишмердүүлүк жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча тажрыйба алмашуу;
ЕАЭБде, БУУда, ЖККУда, КМШда жана ШКУда эки өлкөнүн натыйжалуу өз ара кызматташуусуна көмөктөшүү;
жаштардын, аялдардын жана башка коомдук уюмдар менен бирикмелердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү;
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда искусство, билим берүү, илим жана спорт чөйрөлөрүндө гуманитардык тажрыйбы алмашууга ар тараптан көмөк көрсөтүү.
Радио
Жунушбаева: эми лифт даярдоочу адистерди Россия менен бирге окутабыз