Жыл башынан бери экономиканын кайсы тармактары өстү

Өсүү өндүрүш жана тейлөө тармактарында көбүрөөк байкалды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жыл башынан берки ички дүң продукциясы (ИДП) өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 7,2 пайызга өсүп, 597 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен билдирди.
Ал эми "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 555 миллиард сомдон ашып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйгөн.
Өсүү өндүрүш (10,7 пайыз) жана тейлөө тармактарында (0,6 пайыз) болду. Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын да үлүшү 0,8 пайызга жогорулады. Ал эми айыл чарба 2,4 пайызга төмөндөгөнү белгиленген.
2023-жылы консолидацияланган бюджетти 500 млрд. сомго жеткирүү пландалууда