Өкмөт Чаткалда жайгашкан шахтадагы газга уулануунун себебин иликтейт

Кырсыктын кесепетинен эки киши көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Чаткалда жайгашкан Иштамберди кениндеги көмүр кычкыл газына уулануунун себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай тапшырманы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев берген.
Ал эми министрликтин өзүнө объектидеги коопсуздук техникасынын сакталышы жана аны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары, ведомство кен казуу иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу үчүн талаптарды сактоо боюнча чечимди министрлер кабинетинин жыйынына киргизүүгө милдеттендирген.
"Төрөбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Full Gold Mining компаниясы курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтө турганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, кечээ шахтадан чыккан газга ууланып эки киши каза болсо, дагы 10 киши жабыркап ооруканага түшкөн.
Чаткалдагы шахтада газга ууланып 24 жаштагы жигит каза болду