Радио

Мамбетов: Самара шаарынан Ошко автобустарды алабыз

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган инвестициялык форум жемиштүү болгонун айтты.
Sputnik
Форумдун алкагында Россиянын Самара шаарынын администрациясы менен Ошко автобустарды алып келүү боюнча сүйлөштүк. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, автобустар "КамАЗ" заводунан алынат.
"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан мындай орус-кыргыз инвестициялык форуму түштүк аймакта алгачкы ирет өтүп жатат. Баткенде, Ошто эки күнгө созулган бул иш-чарада бир топ ийгиликтүү келишимдер түзүлдү деп ойлойм. Россия тараптан ишкерлерден сырткары аймактарынын жетекчилери да келип, биздин өрөөндүн мүмкүнчүлүктөрүн жеринен көрүп, таанышып жатканы жакшы жөрөлгө. Ош шаарынын мэриясы да Самара шаары менен муниципалитетке автобустарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Коомдук транспорт "КамАЗ" заводунан чыгарылган. Канча автобус качан келери алдыда белгилүү болот. Башкысы сүйлөшүүлөр башталды. Форум бир эле ишкерлерге эмес, муниципалитеттер ортосунда да ушинтип алаканы бекемдөөгө шарт түзүүдө", — деди Мамбетов.
Ал ушундай эле келишим Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу түзүлүп, Ош шаарына 50 автобус алып келингенин кошумчалады.