Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Россия Украинага эскертүүчү сокку урду, бул башталышы гана

Аскердик эксперт кийинкиде Украинада мындан да олуттуу объектилер талкаланышы мүмкүн экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Украинанын инфраструктурасына сокку эскертүү иретинде урулду. Мындай жол менен Москва Киевге кийинкиде борборго ракеталык сокку жасалышы ыктымал экенин айтып жатат. Мындай пикирин РИА Новостиге аскердик илимдердин доктору Константин Сивков билдирген.
"Бул — жөн гана эскерткен сокку. Анткени Украинанын саясий жана аскердик жетекчилиги жайгашкан негизги имараттар талкаланган жок. Ооба, айрым электр станциялар жабыркады. Бирок аларды кыска убакытта калыбына келтирсе болот деп ойлойм. Мен билгенден бул эскертүүчү сокку болду. Кийинкиде мындан да олуттуу объектилер талкаланышы мүмкүн", — деген ал.
Эксперт Украинадагы объектилерди талкалоо үчүн Россиянын ракетасы жетиштүү экенин белгилеген.
Эске салсак, кечээ, 10-октябрда, Украинанын бир катар аймактарына сокку жасалып, жарылуулар жаңырган. Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин жыйынында бул Украинанын атайын кызматынын Крым көпүрөсүндө жасаган терактысына жооп экенин айткан.
Медведев Крым көпүрөсүндөгү жардырууга Россия кандай жооп берерин айтты