600 миң сомго сатып жаткан... Ошто эки адам баңгизат менен кармалды. Сүрөт

Марихуана сатып жаткан улан кармалгандан кийин аны даярдап берип жүргөн аял аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ош шаарында 24 жаштагы улан 600 миң сомго баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Билдирүүгө ылайык, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ыкчам маалыматтарды текшерүү максатында кардар катары барып сатып алууну уюштурган

2 / 3

Натыйжада М.Д. атуу жаран кургатылган марихуананы 600 миң сомго соодалап жатканда кармалган

3 / 3

Кылмышка шектүү катары М.М. жана М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен тергөө жүрүп жатат.

Билдирүүгө ылайык, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ыкчам маалыматтарды текшерүү максатында кардар катары барып сатып алууну уюштурган. Натыйжада М.Д. атуу жаран кургатылган марихуананы 600 миң сомго соодалап жатканда кармалган.
"Тергөө учурунда кылмышка шектүү баңгизатты Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында жашаган 48 жаштагы М.М. аттуу аялдан алгандыгы аныкталган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө эки грамм марихуана жана 1,6 килограмм каннабис табылган. Атайын экспертиза алынган заттардын баңгизат экендигин тастыктаган корутунду берди", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары М.М. жана М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен тергөө жүрүп жатат.
УКМК Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыган топту кармады. Сүрөт