Нарында биринчи жолу айдалган сафлор өсүмдүгүнөн түшүм алынды

Облус жетекчилигинин кийинки жылга үрөн калтыруу жана алынган түшүмдү сатып өткөрүү жагын уюштуруп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Быйыл Нарында дыйкандар биринчи ирет сафлор өсүмдүгүн эгип, 131 тонна алгачкы түшүмүн алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
"Аталган өсүмдүк жалпысынан 406 гектар аянтка айдалган. Азырынча 374 гектары же 92 пайызы жыйналып бүтүп, 131 тонна түшүм алынды. Облус жетекчилиги тарабынан кийинки жылга үрөндү калтыруу менен калган түшүмдү сатып өткөрүү жагы уюштурулууда", — деп айтылган маалыматта.
Мындан сырткары, май өндүрүү үчүн завод салуу да сүйлөшүлүп жатканы айтылды.
Өкүлчүлүктөн бул өсүмдүк облустун бардык райондоруна эгилгендигин кошумчалаган.
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында өстүрүлүп жаткан сафлорду кайра иштетүү жана Кытайга экспорттоо боюнча меморандумга кол коюлган.
Нарындан чыккан 10 азыкка бренд ыйгарылды, эми дүкөндөрдө сатыла баштайт