Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: АКШ де-факто Украинадагы чыр-чатакка катышып жатат

ТИМ жетекчиси Кошмо Штаттар Зеленскийге курал-жарак эле бербестен, спутниктен маалыматтарды жеткирип жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. АКШ де-факто түрүндө Украинадагы аскердик чыр-чатакка катышууда. Бул боюнча РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "Россия 1" телеканалындагы "60 минут" берүүсүндө билдирген.
Анын айтымында, Вашингтон Украинага курал-жаракты айлап эмес, жылдап жеткирип келет.
"Мен байкагандан бери америкалыктар бул согушка көптөн бери де-факто түрүндө катышып келе жатат. Алар Зеленскийге курал-жарак эле бербестен, спутниктен маалыматтарды жеткирүүдө", — деген Лавров.
Министр АКШнын жана кээ бир Европа өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнө ракеталык системаларды иштетүүгө жардам берип жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: соккуга кабылган Киев Байденге талап койду