Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды. Сүрөттөр

Эки өлкөнүн борборлору — Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Салтанатка президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын башчысы Илхам Алиев катышкан.
1 / 10

Бүгүн Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

2 / 10

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди

3 / 10

Салтанатка президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын башчысы Илхам Алиев катышкан

4 / 10

Жапаров сейил бактын ачылышы эки өлкөнүн мамилеси саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык далили экенин белгилеген

5 / 10

Ошондой эле ал Азербайжандын президентине жана анын командасына Бишкектин чыныгы асыл ташына айланып, тургундар убактысын ырахат менен өткөрө турган кооз сейил бактын курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген

6 / 10

Өз кезегинде Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгилеп, Азербайжан элинин атынан ыраазычылыгын айткан

7 / 10

Ошону менен катар эки өлкөнүн борборлору — Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланганын кошумчалаган

8 / 10

Андан соң президенттер сейил бакты көрүп чыкканы айтылды

9 / 10

Бишкектеги кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы

10 / 10

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжан президенти Илхам Алиев Бишкектеги кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышында

Жапаров сейил бактын ачылышы эки өлкөнүн мамилеси саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык далили экенин белгилеген.
Ошондой эле ал Азербайжандын президентине жана анын командасына Бишкектин чыныгы асыл ташына айланып, тургундар убактысын ырахат менен өткөрө турган кооз сейил бактын курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.
Өз кезегинде Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгилеп, Азербайжан элинин атынан ыраазычылыгын айткан.
Ошону менен катар эки өлкөнүн борборлору — Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланганын кошумчалаган.
Андан соң президенттер сейил бакты көрүп чыкканы айтылды.
Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт