Радио

Чынара Эсенгул: "Кыргыз жараны" концепциясында диний процесстер да эске алынды

"Кыргыз жараны" концепциясынын авторлорунун бири Чынара Эсенгул документти түзүүдө исламизация процесстери эске алынып, диний коомчулук менен да иштер жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
"Кыргыз жараны" концепциясында этностук иденттүүлүккө маани берилгени менен диний өзгөчөлүктөр каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет күчтүү болушу үчүн жарандар күчтүү болуусу керек.
"Дүйнөлүк ири процесстер жүрүп жаткан маалда жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо, мамлекеттин этникалык саясатын түзүү, өлкөдөгү улуттардын тилин жана маданиятын сактоо, өнүктүрүү абдан керектүү кадам. Мамлекет күчтүү болушу үчүн жарандар күчтүү болуусу керек. Документти түзүүгө жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштегендер катышты. "Кыргыз жараны" концепциясында этностук иденттүүлүккө маани берилгени менен диний өзгөчөлүктөр да каралып, исламизация процесстери эске алынып, диний коомчулук менен да иштер жүрдү", — деди Эсенгул.
Ошондой эле адис "Кыргыз жараны" концепциясын коомго жеткирүү үчүн атайын тренингдер уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады.