Бишкекке келген Азербайжан президенти Алиевди С. Жапаров тосуп алды. Сүрөт

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азербайжан президенти Илхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Азербайжан президенти Илхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенин президенттин маалымат кызматы кабарлады

2 / 6

Анын учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конуп, жогорку даражадагы конокту тосуп алуу үчүн аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди

3 / 6

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат

4 / 6

Мындан тышкары, сапардын алкагында "Кыргызстан — Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы күтүлүүдө

5 / 6

Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды

6 / 6

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжан президенти Илхам Алиев концерттик программа учурунда

Анын учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конуп, жогорку даражадагы конокту тосуп алуу үчүн аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
"Жогорку даражалуу мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды. Аларга концерттик программа тартууланды", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында "Кыргызстан — Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы күтүлүүдө.
Азербайжан президентинин сапарына байланыштуу Бишкектин көчөлөрү жабылат