БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ал 1916-жылкы каргашалуу үркүндүн кесепетинен каза болгондордун жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстеликтерине, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койгон.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.