Чүйдө сасык тумоо күчөп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Ооруканада жаткан бейтаптарды көрүү үчүн келгендердин кирүүсүнө да тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Чүй облусунда сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жумада 1002 адамдан сасык тумоо аныкталып, эпидемиологиялык босогодон 12,7 пайызга ашып кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Чүй облусунда курч респиратордук оорулардын 29 137 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 630 учурга көп экени белгиленди. Сасык тумоонун өсүү темпи беш пайызды түзгөн.
Буга байланыштуу 1-октябрдан тарта облустагы коомдук жайларда, уюмдарда жана мекемелерде көңүл ачуучу массалык иш-чараларды өткөрүүгө карантиндик чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптарды көрүү үчүн келгендердин кирүүсүнө да тыюу салынды.
Шалаакылыктан ооруйт. Адис суук жаңы түшкөндө тумоонун күчөгөн себебин айтты