Чаткалдагы шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир киши каза болду

Буга чейин аталган шахтада 24 жаштагы жигиттин мертингени кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы киши ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ооруканада учурда төрт адам жатат, дагы алты киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Буга чейин аталган шахтада 24 жаштагы жигиттин мертингени белгилүү болгон.
Шахтадан газ өткөн түнү чыга баштаган.
Кыргызстанда 8 айда 379 адам жол кырсыгынан каза болду