Чаткалдагы шахтада газга ууланып 24 жаштагы жигит каза болду

Кен казылган жерге тогуз куткаруучу тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда көмүр казган шахтада газга ууланып 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 11-октябрга караган түнү саат 02:29 чамасында кен казуучу ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыгып жатканын кабарлаган.
Ичинде калган жаранды куткарууга ӨКМдин өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан тогуз куткаруучу тартылган. Алар жигиттин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен
Өзгөндө шахта урап, кытайлык үч киши каза болду