БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сомго жеткирүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Салык кызматында жыйын өткөрүп, белгиленген салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин айтты.
"Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, "Салык төлөөчүнүн кабинети" сыяктуу долбоорлорду толуктап чыгып, ишке киргизүү керек. Контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу аткезчиликти толугу менен токтотуу", — деди Жапаров.
Өз кезегинде Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 148 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналганын билдирген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44,3 миллиард сомго көп.
Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.