Россиялык ишкер: бул жылы буудай кенен, аны Кыргызстанга ташууда көйгөй жаралбайт

"Биргелешкен дан компаниясы" борборунун башкы директору Дмитрий Антоненко Россияда быйыл буудай арзан экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда дан жана ун жетишсиз, ал эми Россияда быйыл дан өсүмдүктөрү көп айдалды. Буга байланыштуу Кыргызстанга Россиядан дан, ун алуу пайдалуу болот. Мындай пикирин "Биргелешкен дан компаниясы" борборунун башкы директору Дмитрий Антоненко Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Антоненконун айтымында, аталган борбордун филиалы Кыргызстанда да иш жүргүзүп келет. Ишкер Россиядан Кыргызстанга дан жана ун алып келүү иштеринде көйгөйлөрдү байкай электигин белгиледи.
"Биз кыргызстандык өнөктөштөр менен Россиядан алып келинген дан жана унду жергиликтүү талапка ылайыктап Токмок шаарындагы ишканада кантип иштеп чыгуу маселеси боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Зарыл болуп калса вагондогу данды ун кылып, Кыргызстанга ташыйбыз", — деди Антоненко.
Анын айтымында, бул жылы Россиянын аймагында дан кенен, буга байланыштуу анын баасы төмөндөдү.
"Мындай жагдайда ЕАЭБ өлкөлөр арасында дан ташууда көйгөй жаралбашы керек", — деди ишкер.
Радио
Байдалиев: былтыр Россиядан 2000 тонна арпа, 3000 тонна буудай үрөнү келген