Бишкекте таштанды челектин жанына токтотулган автоунаалар алынууда. Видео

Ишкана айдоочулардан "тазалыкчылардын" ишине тоскоолдук жаратпоону өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте таштанды челектердин жанына токтотулган автоунааларды эвакуатор жүктөп кетип жатат.
"Тазалык" ишканасы таштанды челектин түбүндө токтоп турган машинаны эвакуатор жүктөп жаткан видеону жарыялады. Маалым болгондой, туура эмес жерге коюлган автоунаалар "тазалыкчылардын" ишине тоскоолдук жаратууда.
Ишкана айдоочуларды автоунааны башка ылайыктуу жерге токтотуп, жол эрежесин бузбоого чакырды.
Нарын мэриясы эвакуатор сатып алды, туура эмес токтогон унааларды жүктөп кетет