Бишкекте агроөнөр жай көргөзмөсү менен "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Эски аянтта заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулары, тамчылатып жана жаадырып сугаруучу каражаттар, жаңы үрөндөр жана асыл тукум мал көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 20-22-октябрь күндөрү Бишкекте "АгроТехЭкспо-2022" агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Иш-чара министрликтин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналат.
Бул күндөрү Бишкектин эски аянтында айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, тамчылатып жана жаадырып сугаруучу каражаттар, жаңы үрөндөр жана асыл тукум мал көрсөтүлөт.
Ошондой эле иш-чарага жеңилдетилген шарттарда лизинг алууну каалаган дыйкан-фермерлер, ишкерлер чакырылат.
Радио
Жантаев: токой үрөн базасын куруу каралууда