Радио

Мадияров: Баткен — Челябинск авиакаттамын ачуу пландалууда

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадияров Ош шаарында өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунда бир катар маселелер талкууланганын айтты.
Sputnik
Аталган форумда Баткен — Челябинск авиакаттамын ачуу сунушталды. Бул тууралуу Тимур Мадияров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогоруда белгиленген сунушту ишке ашыруу көптөгөн убакытты талап кылат.
"Кыргыз-орус инвестициялык форумунда бир катар маселелерге токтолдук. Анын ичинен айыл чарба, өрүк сатып алуу, энергетикалык чөйрөдөгү чакан ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Биз да өзүбүздүн ойлорубуз жана сунуштарыбыз менен бөлүштүк. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Челябинск — Баткен авиакаттамын ачуу сунушу да айтылды. Албетте, муну ишке ашыруу көптөгөн убакытты талап кылат. Тиешелүү жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечекте иштеп чыкканга аракет кылабыз", — деди Мадияров.
Ал Россия тарап Баткенден айыл чарба продукцияларын ортомчусуз, түз сатып алууга кызыкдар экенин кошумчалады.