Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Мурдагы мэр Бакыт Шаршеев эки ай иштегенден кийин кызматтан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалып, бүгүн, 11-октябрда, эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев жаңы мэрди шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме жетекчилерине, шаардык кеңештин депутаттарына, коомчулук өкүлдөрүнө тааныштырган.
Мурдагы мэр Бакыт Шаршеев калааны эки ай гана башкарып, 28-сентябрда кызматтан бошотулган.
Белгилей кетсек, Азамат Арнабек уулу 2020-жылы октябрь окуясынан кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 2021-жылдын июнь айына чейин иштеген.
Учурда ал 39 жашта, "Жаштар ынтымагы" бирикмесин жетектеп келген.
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду