Мунай жагдайы: АКШнын мындан аркы кадамы кандай болот?

Мунай казууну кыскартуу келишими Вашингтонго олуттуу сокку урду. АКШда үч аптадан кийин конгресске шайлоо өтөт. Дагы бир ирет күчтөрдүн орду алмашат. Башкача айтканда, президент кайрадан алардан тыш калды.
Sputnik
Мунай рыногунда Ак үй кандай аракеттерге барарын Ренат Абдуллин болжоп көргөн. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарык көрдү.

Саудиялыктар башка тарапта

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жана Улуттук экономикалык кеңешинин директору Брайан Диз ОПЕК+ чечимине Жо Байден кейигенин билдиришти. Президент өзү бул тууралуу кеп кылгандан канчалык качканга аракет кылса да, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып чындап эле капа болгонун тастыктап койду.
Ак үйдөгү бир нече булактарга ылайык, Байдендин администрациясы быйыл жайда, күздүн башында Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүн өндүрүштү кескин түрдө азайтуудан баш тартууга чакырып, кеңири масштабдагы лоббисттик кампаниясын жүргүзгөн. Алгач андай аракетинин акыбети кайтып, бензин АКШда жүз күн катары менен арзандап турганын белгилешет америкалык экономисттер.
Бирок ОПЕК+ соңку чечиминен кийин баары текке кетти. Экономикалык эксперттер күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттай турганын боолголоп, ал эми саясат таануучулар Байден менен Демократиялык партиянын жакын арада азыркы артыкчылыктарынан куржалак каларын жоромолдошот. Маселен, атаандаштары – Республикачылардын таасириндеги маалымат каражаттары жана аналитиктер ОПЕК+ чечиминен улам Байденди сындап кирди. Буга жайында Эр-Рияддын америкалык лидердин өтүнүчүн четке кагып, Россия менен оңой эле тил табышып алышы да негиз болгон.
Республикачы сенатор Стивен Скэлис өлкөдөгү энергетикалык каатчылыкка Байденди айыптады. Мындай кырдаал конгрессмендикке аттанган демократтарды катуу тынчсыздандырууда. Байдендин да аброю улам төмөндөп барат.

Кедерги

The New York Times Ак үйдөгү булактарына таянуу менен Ак үй жай бою мунай өндүрүшүн кыскартууга саудиялыктарды көндүрүүгө тырышканын белгилейт. Анткен менен эч майнап чыккан эмес. Себиби Эр-Рияддын Вашингтонго кеминде эле үч олуттуу дооматы бар. Ал эми Ак үй ал маселелерди чечүүгө ашыкпайт.
Биринчиден, Сауд Арабия королдугу америкалыктардын бир жоругуна катуу нааразы. Анткени алар төрт жыл оболу саудиялык Мохаммед бин Салман ханзааданын жырткычтык менен көзү тазаланган журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө тиешеси бар экенин айтып чыккан.
Экинчиден, Йеменде хуситтерди Кошмо Штаттардын колдогонун Эр-Рияд жактыра бербейт. Хуситтик түзүмдөр ушул тапта Королдукка анчейин зыян келтирбегени менен кезегинде Сауд Арабиясына, анын ичинде негизги мунай инфраструктураларына да катуу сокку урган.
ОПЕК+ уюмунун мунай казууну азайтуу чечими Ак үйдү дүрбөлөңгө салды
Анан да ирандык фактор деген бар. Байден президенттик такка отургандан тарта Бирдиктүү жалпы аракет этүү планын кайра калыптандырууну жактап келген. Аны Тегеран менен "өзөктүк келишим" деп коюшат. Эгер андай макулдашуу түзүлсө, Иран санкциялардан кутулуп, мунайдын бир кыйла көлөмүн чыгара алат. Бирок жакынкы келечекте рыноктун башка оюнчулары андайды кыртышы сүйбөй турганы турулуу иш.
Талдоочулардын баамында ошол эле Сауд Арабиясы сырьёнун баасынан гана өндүрүш көлөмүн кыскартууга кызыкдар эмес. Эртеби же кечпи Иран рынокко кайтып калса, атаандаштык үчүн запас топтоп алуу үчүн Эр-Рияд мунай сактагычтарын дагы толтурууну көздөйт.
Эми артка бир көз чаптырып, АКШ менен Сауд Арабиясынын алакасындагы айрым бир учурларга да токтололу. Мисалы, коронавирус пандемиясы күчөп турганда Кошмо Штаттар Королдукка тийиштүү өлчөмдө вакцина берген эмес. Эр-Рияд ачык билдирбесе да, анонимдик булактар Королдук нааразы болгонун айтышат.
Байден Сауд Арабиясына курал берүү чечимин кубаттап, бирок убадасын аткарган эмес. Анын ордуна Украина менен НАТОдогу европалык союздаштарына курал жолдогон.

Каатчылыктан чыгуу жолдору

Хьюстон университетинин экономикалык факультетинин энергетика боюнча эксперти Эд Хирс ОПЕК+ чечиминин таасири азыр кооптонуп жатышкандай деңгээлде болбой турганын боолголойт. Ал картелдин мүчөлөрүнүн айрымдары өз квоталарынан да аз кен казарын эскертип, суткасына эки миллион баррелге эмес, иш жүзүндө 900 миңге кыскарарын болжойт.
АКШ менен Венесуэланын сүйлөшүүлөрү да Кошмо Штаттар үчүн ОПЕК+ чечиминин таасириндей болушу ыктымал. Санкциялар жумшартылса аталган республика америкалыктарды мунай менен камсыздап калышы ажеп эмес.
Эр-Рияддын Россия тарапка бурулуп кетишине АКШнын Иран менен кызуу иш алып барып жатышы да себеп. Аталган эки мамлекеттин сүйлөшүүлөрү жемишин да бере баштагандай.
Reuters басылмасы тоңдурулган ирандык активдердин чыгарылышы жөнүндө көшөгө артында сөз башталганын маалымдайт. Анын артынан Иран Ислам Республикасынан экспорттук чектөөлөр алынса, ал дүйнөлүк рынокту кеминде эле суткасына бир миллион баррель менен камсыздай алат.
Дагы бир жол бар. АКШ стратегиялык резервинен мунай корун дагы чыгарышы мүмкүн. Бирок андай аракетке аталган держава мурда да барган. Сентябрдагы маалыматка таянсак, америкалык стратегиялык резервдер 434 миллион баррелге дейре азайып кеткен. Мындай көрсөткүч 1984-жылдын октябрынан бери каттала элек болчу.
Конгресстеги демократтар ОПЕК+ келишимине чейин эле Байденди резервден дагы алууга чакырса, республикачылар кыраакылык сапаттарынын жоктугун, улуттук байлыкты чачууга үндөгөнү үчүн аларды катуу сынга алган.
"Президент жарыялаган 180 миллион баррелден тышкары стратегиялык запастан мунай чыгарууну карабайбыз", — деп билдирген ушул айдын башында Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер.

Саясий туңгуюк

Ушул тапта Демократиялык партия менен Байдендин санаасы экономикада эмес, саясий өңүттө. Венесуэла, Иран менен сүйлөшүүлөр оңунан чыккан күндө да баары бир стратегиялык резервди ачууга туура келет.
Ноябрдагы майрамдарда баалар дагы асмандайт. Республикачылар мындан улам Байденге жана анын партиялаштарына асылганын токтотпойт. Саясий упай топтоп, болду-болбоду сенатта көзөмөлдү дал республикачылар колго алышат. Мындай жоромол чын чыгып калса, алар азыркы президенттин демилгелерин ооздуктап, экономикалык кыйроолордун баарына өлкө башчысын айыпташы толук ыктымал. Ал эми андай жагдай Байдендин экинчи мөөнөткө карай жолун бөгөйт. Болбосо жакында эле ал мындай ниетин олуттуу түрдө билдирбеди беле...
The New York Times: Байден кыйын кырдаалда калды