12-октябрга карата аба ырайы

12-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын жергесинде +15...+20 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22 жана Ош калаасында +23...+25 градуска жетет.
Суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы