БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. Комитеттеги алты депутат макулдук берип, төртөө каршы болду.
Талкуу учурунда жыйынга коомдук активисттер, аксакалдар, ЖМК өкүлдөрү киргизилди. Бирок телефон, ноутбук алып кирүүгө, видеого тартууга тыюу салынды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Соңунда комитеттин мүчөлөрү добушка коюп чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө кабинетке кирип кетишти.
Мыйзам боюнча эми аталган келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коюшу керек. Андан кийин Жогорку Кеңеш ратификациялашы шарт. Эң акыркы чечим президент тарабынан кабыл алынып, юридикалык түрдө күчүнө кирет.