Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Инструктор жок. Украиналык офицер армиясындагы көйгөйдү атады

Америкалык полковник украин жаштары согушка баруу үчүн беш күндүк эле курстан өтүп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрү инструкторлорунун дефицитине кептелди. Бул тууралуу украиналык офицер Алексей Олексюк New York Times гезитине берген маегинде билдирген.
Басылма бул көйгөй армияга барууга өз кезегин күтүп турган жаштар көп болгонуна карабай чоң ролду ойной турганын белгиледи.
"Бардык украин инструкторлору катардагы жоокер катары жүрөт, жарадар болушту же каза тапты", — деп айткан Олексюк басылмага.
Ошондой эле гезит Украинага барып жергиликтүү аскерлер үчүн беш күндүк курс иштеп чыккан отставкадагы америкалык полковник Эндрю Мельбурн менен маектешкен.
"Мельбурн согушка даярдоого бир жумалык убакыт өтө аз экенин моюнга алып, бирок кырдаалга жоктон көрө жогору деп баа берген", — деп жазды New York Times.
24-февралдан бери Украинада атайын операция жүрүп жатат. Россиянын президенти Владимир Путин операциянын түпкү максаты Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык улутчулдар чегингенде мектептерге мина коюп кеткен. Видео