Үй-бүлө курууга баланы 10-11 жаштан даярдап баштаса болот. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлө адамдын акылы жетик болгондо гана курулушу шарт.
"Үй-бүлө курууга баланы сөзсүз даярдаш керек. Азыркы кезде балдар бат чоңоюп жаткандыктан, аларды 10-11 жаштан баштап даярдай баштаса болот. Бактылуу үй-бүлө адамдын акылы жетик болгондо жаралат. Изилдөөлөргө таянсак, коом балдарды көбүнчө психологиялык басым менен тарбиялоодо. Эгер муну кылбасаң, турмуш кургандан кийин кыйналасың деген сөздөр көмүскө аң сезимде сакталып, терс таасирин тийгизет. Өнүгүүнүн башаты ата-энеден башталып жаткандыктан, бактылуу үй-бүлө кандай болушу керектигин балдарга өздөрү үлгү болуп көрсөтүшү абзел", — деди педагог-психолог.
Ал балдарды үй-бүлө курууга даярдоодо ата-энеден соң коом жана мектептин да ролу маанилүү экенин кошумчалады.