ЖККУга мүчө мамлекеттер Тажикстанда "Рубеж — 2022" аттуу машыгуу өткөрөт

Аскердик машыгууга 1000дей адам катышып, учак, тик учак сыяктуу атайын жана аскердик техникадан 300дөйү тартылары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Тажикстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин машыгуусу өтөт. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.
Борбор Азия аймагынын жамааттык күчтөрүнүн "Рубеж — 2022" деп аталган аскердик машыгуусу 10-октябрда башталып, 21-октябрга чейин уланат.
"Ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлери, Бириккен штаб жана ЖККУ катчылыгынын ыкчам топтору катышмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Аскердик машыгууга 1000дей адам келип, учак, тик учак сыяктуу атайын жана аскердик техникадан 300дөйү тартылары күтүлүүдө.
Буга чейин Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун "Бузулгус боордоштук — 2022" командалык-штабдык машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик элчисине КР ТИМинин маалымат катчысына койгон доомат орунсуз экенин айтышты