Ташиев эмнеге чек ара боюнча жыйынды камерага тарттырбай жатканын айтты

Ташиев докладын баштаганда түз эфир өчүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйынын эмне себептен видеого тарттырбай жатканын айтты.
Жыйынга ЖМК өкүлдөрүн камера, ноутбук, телефондорун алып калып кагаз, калем менен гана киргизип жатат. Жада калса депутаттардын өздөрүнө дагы телефон менен кирүүгө уруксат берилген жок. Буга эл өкүлдөрү Мирлан Самыйкожо, Адахан Мадумаров нааразы болуп, президент жыйын ачык өтсүн деп буйрук бергенин эскертишти.
Ал эми Гуля Кожокулова келишимдер тууралуу документ келип түшпөгөнүн, эмнени карап чечим кабыл алышарын сурады.
Андан соң комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков бүгүн кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо долбоорун ратификациялоо каралбай турганын, жөн гана коомдук угуу болорун айтты.
Ал ортодо Мадумаров жыйынды чоочун бирөө камерага тартып жатканын айтып, ал кимдики экенине таң калды. Ташиев ал камера УКМКга таандык экенин, жыйынды документтештирип, архивге сактоо үчүн тартылып жатканын айтты. Ал эми камераларды киргизбегенин жашыруун документтер, карталар көрсөтүлө турганы менен байланыштырды.
"Туура, кечээ президент ачык өтсүн деп айткан. Президент менен бүгүн эртең менен макулдашканбыз. Биз көрсөтчү көптөгөн маалыматтар, карталар купуя сыр. Келишимдерге кол коюлгандан кийин гана ачыктайбыз. Алардын баарын кол койгонго чейин ачыктаганга укугубуз жок. Андыктан биз бетме-бет отуруп коомчулукка, журналисттерге ачык түшүндүрүп берели деп жатабыз", — деди Ташиев.
Деген менен жыйындын башы Жогорку Кеңештин расмий баракчалары аркылуу түз эфирден көрсөтүлдү. Ал эми Ташиев докладын баштаганда эфир өчүрүлдү.
Жапаров Ташиевдин ЖКга курал алып келгени тууралуу пикирин айтты