Садыр Жапаров Казакстанда өтчү эл аралык иш-чараларга катышат

Саммит алдында Садыр Жапаровдун РФ лидери Владимир Путин менен жолугары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-14-октябрь күндөрү Казакстандын борбору Астанада өтө турган бир катар эл аралык иш-чараларга катыша турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, 13-октябрь күнү Жапаров Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.
Андан соң 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында болот. Ошол эле күнү президенттин "Борбор Азия — Россия" форматындагы 1-саммитке катышары айтылды.
Азымбакиев Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, "Борбор Азия — Россия" форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашарын белгиледи.
Буга чейин Жапаров Астанада Россия президенти Владимир Путин менен жолугары айтылган.
Бишкекке 11-октябрда Азербайжан президенти Ильхам Алиев келет