Путин менен Лукашенко биргелешкен аскердик топ түзүүнү макулдашты

Беларусь президенти аскердик топ түзүү иштери анын буйругу боюнча эки күн мурда башталганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин жана Александр Лукашенко аскерлердин аймактык биргелешкен тобун түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Беларусь президентинин расмий сайтында жазылган.
"Союздук мамлекеттин батыш тарабындагы чек араларындагы абал курчугандыгына байланыштуу биз Россия менен Беларустун аймактык биргелешкен аскердик тобун түзүүнү сүйлөштүк. Мунун баары биздин документтер боюнча каралды. Эгер коркунуч азыркы деңгээлге жетсе, биз союздук мамлекеттин аскердик тобун ишке тартабыз", — деген Лукашенко.
Президент аскердик топ түзүү иштери анын буйругу боюнча эки күн мурда башталганын белгиледи.
РИА Новости маалымдагандай, бул маселе Лукашенко менен Путин 7-октябрда Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитинен кийин жолукканда көтөрүлгөн.
Беларусь президенти өлкө айланасындагы кырдаал курч бойдон экенин айтып, Батышта анын армиясы (Беларусь - ред.) Украинадагы атайын аскердик операцияга түздөн-түз катышат деген пикир жаралып жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, НАТО жана Европанын бир нече мамлекеттеринин жетекчилиги Беларуска чабуул жасоону, анын ичинде өзөктүк соккуга чейинки варианттарды ачык карап жатат. Лукашенко Батыштын башкы максаты Минскини согушка тартуу экенин белгилеген.
Беларустун тактикалык өзөктүк куралы Батыштын тынчын алууда. Себеби