БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ош шаарында өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумдун жыйынтыгы менен жалпы баасы 500 миллион долларга бааланган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 20дай документке кол коюлганын Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков билдирди.
Иш-чара 7-8-октябрь күндөрү өткөн.
Новиковдун айтымында, кол коюлган документтердин арасында капсула салынып, курулушу башталган долбоорлор да бар.
"Кеп Баткенде газ бетон заводунун курулушу жана дагы эки социалдык долбоор тууралуу болууда. Ысык-Көлдө беш жылдыздуу отелдин курулушу пландалып жатат. Мындан тышкары, күн станцияларын куруу, темир жол үчүн жогорку сапаттагы россиялык техника, Ош мэриясы үчүн жүргүнчү ташыган автобус жеткирүү боюнча макулдашуулар бар", — деди Новиков.
Фонддун жетекчиси эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү 2021-жылдан тарта тыгыз иштей баштаганын белгиледи. Анын айтымында, Оштогу инвестициялык форум кызматташуунун бардык аспектисин талкуулап, байланышты күчөтүүгө өбөлгө болду.
Новиков аталган форум жогорку деңгээлде өтүп, ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы, РФ өкмөтүнүн өкүлдөрү, эки өлкө президенттеринин аппарат өкүлдөрү катышканын кошумчалады.