БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек араны тактоо келишиминин долбоорунда 19 699 гектар жер Кыргызстанга жазылганын билдирди.
Ал бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча макулдашуунун коомдук угуусунда маалымат берди.
Ташиевдин айтымында, төмөнкү тилкелерден жер алынды:
Гавасай — 13 000 гектар;
Көк-Серек — 1 327;
Баястан — 212; ,
Унгар-Тоо — 35,
Ак-Таш — 100;,
Кара-Белес — 25;
Шарихан каналынан 19,5 гектар;
Өзгөн району — 500;
Сузак району — 500;
Кербен — 571;
Жедигер — 15;
Шамалды-Сай — 1088;
Найман — 148;
Көк-Талаа — 758;
Мылдырак — 255;
УКМК төрагасы буга чейин талаш болуп келген жерлер толугу менен Кыргызстанга өткөнүн белгиледи. Жакынкы аралыкта бул келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коёру күтүлүүдө.