БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрүн планетанын эң бийик чокуларынын бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады
Жапаров Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрүн планетанын эң бийик чокуларынын бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады. Президент альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттин желегин ушундай бийик чокуларга көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Садыр Жапаров альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, аларга чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады", — деп айтылат маалыматта.
Президент менен жолуккандар Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенине токтолушту.
"Алардын арасында алтоо кыргызстандык. Өлкөнүн альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө бийиктикке кычкылтек толтурулган шаймандарды кийбей чыгышкан. Бул альпинизмдеги чоң жетишкендик. Альпинисттер тоо чокусуна Кыргызстандын желегин илип, ага кошумча "Манас" эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Бул жетишкендигин алар Кыргызстанга, Баткенге жана "Манас" эпосуна арнашкан", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы 2022-жылдын 1-октябрында деңиз деңгээлинен 8 163 метр бийиктикте жайгашкан Гималай тоолорундагы Манаслу чокусун багынткан. Чокуга кошо алып чыгып келишкен бир желекти алар Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөп жатканы маалым болду.
Кыргызстан Садыр Жапаров Гималай Манаслу чоку альпинист