Ташиев Мадумаровго: мындан артык келишим түзө алсаңыз ордумду сизге берейин

Мадумаров азыркы макулдашуу Кыргызстан үчүн өтө пайдасыз экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо бизден артык келишим түзө алсаңыз ордумду сизге бошотуп берейин. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата айтты.
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча коомдук угууда Мадумаров азыркы макулдашууну "Кыргызстанды толук жок кыла турган чечим" деп атады. Өзбек тарап буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун, Турдакун Усубалиев дагы жазган китептеринде аны эскертип кеткенин белгиледи.
Ташиев ага жооп берип, учурда эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин баары Кыргызстанга өтүп жатканын билдирди.
"Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели", — деди Ташиев.
Ошондой эле Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычын эс алуучу жайга айлантуу тууралуу өзбек тилинде жарыяланган видеороликти кыргызстандык оппозициячылар чагым жасоо үчүн чыгарган деп айтты.
Ташиев: Кемпир-Абаддын астындагы жерди беребиз, ордуна 18 миң гектар алабыз