Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү туристтик долбоор түзүүнү пландоодо

Дозоев аталган долбоор жакын арада ишке ашат деген ниетин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү туристтик продукт түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Бакыт Дозоев Кыргызстандын ишкерлери менен мамлекеттик органдарынын жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанга барган туристтер андан ары Кыргызстанга жөнөтүлөт. Же, тескерисинче, Кыргызстанга келгендер Өзбекстандын кооз жерлерин кыдыруу үчүн коңшу мамлекетке жиберилет. Дозоев аталган долбоор жакын арада ишке ашат деген ниетин билдирген.
Ал ошондой эле ЕАЭБдин алкагында импортту алмаштыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чоң иштер жасалып жатканын кошумчалады.
Радио
Итибаев: туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 5 мегадолбоор менен иштеп жатат