Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев жана башка шаарларда бир нече жарылуу болду. Видео

Зеленский шаардыктарга кайрылып, ал эми Киев мэри жарылуулар болгондугун тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Киевдин бир катар аймактарында, тагыраагы, Шевченков районунда, калаа борборунда жарылуулар жаңырганын РИА Новости билдирди.
Өлкөнүн ИИМ жетекчиси Антон Геращенко ракеталардын бири Киевдеги Владимир көчөсүндөгү Грушевскийдин эстелиги жайгашкан районго келип түшкөнүн Twitter тармагына жазган. Бул көчөдө, окуя болгон жерден анча алыс эмес аралыкта Украинанын Коопсуздук кызматынын, өлкө президентинин кеңсеси жайгашкан.
Киевде жардыруулар жаңыргандыгын калаа мэри Виталий Кличко тастыктаган. Анын айтымына караганда, жарылуу Шевченков районунда болгон. Шаардын башчысы ал жерге атайын кызматтар чыгып кеткендигин билдирген.
Метронун кызыл бутакчасы (тилкеси) боюнча жүргөн поезддер токтотулган. Жер алдындагы жайлар баш калкалоо үчүн колдонуп жатканын айтышты.

"Абадан берилген эскертүүлөр Украинанын бардык аймагы боюнча токтолбой айтылып жатат. Ракеталар тийген. Сураныч, баш калкалап турган жерден чыкпагыла. Өзүңөргө жана жакындарыңарга сак болгула. Өзүбүздү колго алып, эркибизди бошотпойлу", — деп жазган Зеленский Telegram-каналына.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, сокку уланууда. Мындан сырткары, Киев, Полтава, Черкассы, Сумы, Житомир облустарында жарылуулар болгону туурасында маалыматтар келип түшүүдө. Буга Днепропетровск, Харьков, Хмельницкий, Ивано-Франковск, Тернополь жана Львов аймактарын да кошушту.
Медведев Крым көпүрөсүндөгү жардырууга Россия кандай жооп берерин айтты