Кыргызстанга инвестиция жасайм деп... Эл аралык издөөдөгү кореялык кармалды

Кишенчен адам. Архив
Ал Кыргызстандагы курулуш тармагына инвестиция кылам деген шылтоо менен 450 миң доллардан ашык акча алып, из жашырып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу Кореянын эл аралык издөөдө жүргөн жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Задержание гражданина Кореи находившегося в международном розыске в Кыргызстане
Билдирмеге ылайык, ал 54 жаштагы Д.Г. экендиги белгилүү болду. Шектүүнү Кыргызстандан издөөнү Интерполдун Сеулдагы бюросу өтүнгөн.

"Маалыматка ылайык, Д.Г. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип Тэгу шаарынын полициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал Кыргызстандагы курулуш иштерине инвестиция кылам деген шылтоо менен 450 миң доллардан ашык акча каражатын алып, из жашырып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мындай кылмыш үчүн адам 9 жылга эркинен ажыратылат.
Кармалган жаран тергөө органдарына өткөрүп берилди.
Кишенчен адам. Архив
Таласта баңги топтун мүчөсү болгон Казакстандын жараны кармалды