Бишкекке 11-октябрда Азербайжан президенти Ильхам Алиев келет

ИИМдин маалымат кызматы бул күнү укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштээрин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен Азербайжан президенти Ильхам Алиев келерин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал Бишкекте 12-октябрга чейин жүрөт.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашат. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында "Кыргызстан — Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болору кошумчаланды.
ИИМдин маалымат кызматы Алиевдин иш сапарына байланыштуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштээрин айтып, бул күнү коомдук тартипти милициянын 4 миңдей кызматкери көзөмөлдөй турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Бакуга расмий сапары менен 2022-жылдын апрель айында барып келген.
Алиевдердин үй-бүлөсү Жапаров жана биринчи айымды дасторкон үстүндө кабыл алды. Сүрөт